Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын шаардык топографиялык съёмка бөлүмүнүн адистери “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын аймагында талаа топогеодезиялык изилдөөсүн аякташты.
Бир нече жуманын ичинде ишкананын кызматкерлери полигондун 160 га аянтында М1:500 топографиялык съёмкасын жүргүзүштү.
Алдын ала маалыматтар боюнча камералык ишти (талаа маалыматтарын иштеп чыгуу) 5-7 жумушчу күндүн ичинде бүтүрүү пландалууда.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.