Жыйындын алкагында инфраструктуралык жана архитектуралык долбоорлор сунушталды.

Алсак, жол-транспорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган чечимдер, анын ичинде “акылдуу паркинг” системасын киргизүү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тоскоолдуксуз мейкиндиктерди, диагоналдык жөө өтмөктөрдү, транспорт түйүндөрүн түзүү, велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү, асма жолдорду куруу, жакшыртуу жана жаңы транспорт түйүндөрүн куруу сунушталды.

Мындан тышкары, жаңы ипподром, «Спартак» стадионунун кичи аренасы, «Ала-Тоо» аянтын модернизациялоо боюнча архитектуралык чечимдер, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин жакшыртуу боюнча долбоорлор сунушталды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын потенциалы чоң экенине токтолду.

«Бүгүнкү күндө биздин борбор өлкөнүн башка чакан шаарларынан анча деле айырмаланбайт. Шаарыбыздын сырткы көрүнүшүн өзгөртүү керек, Бишкек заманбап, кооз, коопсуз жана таза борбор болушу керек. Жол-транспорт инфраструктурасынын маселелерин комплекстүү чечүү керек», – деди ал.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.