Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев борбор калаанын Дизайн-кодунун долбоорун тааныштырды.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясында “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жыйындар залында борбордо жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун эрежелери тууралуу маалыматты угушту. Кеп көрнөктөр жөнүндө гана эмес, жалпысынан борбор калаанын татыктуу көрүнүшү үчүн кандай эрежелерди сактоо керектиги жөнүндө болду.
Комитеттин депутаттары аткарылган иштерди, бул Эрежелердин маанилүүлүгүн жана зарылдыгын жогору баалап, даярдалган презентация үчүн ыраазычылык билдиришти.
Урмат Карыбаев эл өкүлдөрүнүн бардык суроолоруна жана сын-пикирлерине жооп берди.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.