Бишкектин башкы архитектору Урмат Карбаевдин тапшырмасы менен Бишкекте жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу жана жол-жоболоо эрежелеринин жаңы долбоору иштелип чыкты.
Документтин долбоору Бишкекте жеңилдетилген типтеги объекттерди (ЖТО) жайгаштыруу жана жол-жоболоо эрежелерин белгилейт. Ал шаардык мейкиндикте ЖТО бардык түрлөрүн, анын ичинде жанаша тургандарын (тосмолонгон) жайгаштырууга талаптарды түзөт. ЖТО жайгаштыруу жана жол-жоболоо эрежелери коопсуздуктун, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алат.
Мындан сырткары, документте ЖТО типтери каралган: киоскалар, павильондор, соода арабалары, автокафе жана соода палаткалары.
Документ объектке коюлган бир катар талаптарды белгилейт: жайгаштыруу ордуна, жанында турган ЖТО орнотуу ыкмаларына, көрнөктөрдү жана жарнамаларды жайгаштыруу ыкмаларын кошуп сырткы көрүнүшүнө.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин айтымында, бул эрежелер бүткөрүлүп, жакын арада Бишкек мэриясында жана Бишкек шаардык кеңешинде тааныштырылат.
Башкы архитектор райондордун башкы архитекторлору менен бирге даярдалган эрежелерди талкуулап, керектүү пункттарды кошушту. Жыйынтыгында, бул документ Дизайн код жана көрктөндүрүү стандарттары сыяктуу Бишкек үчүн жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруунун бирдиктүү эрежеси болуп эсептелет.
Шаар, бардык жөнгө салуу шарттары менен бирдиктүү жайгаштыруу стандартын алат. Бул эрежелер, заманбап, функционалдык, көрүнөө жагымдуу соода объектилерин түзүүгө жардам берет.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.