Мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин башкы инженери Махабат Шамбетова,
ишкананын жол-транспорт өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери жана башка
шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жеринде, Фучик жана
Бакаев көчөлөрүн темир жол аркылуу улап куруунун техникалык
мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Жолду улап куруу пландалган эки участокто
адистер учурдагы инженердик тармактарды изилдеп чыгышты.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев Дүйнөлүк банктын
өкүлдөрүн кабыл алды.
Өлкө боюнча экономикалык меморандумду даярдоонун алкагында
Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү муниципалдык ишкана кандай иштээри, анын
түзүмү жана жаңылыктары тууралуу маалымат алышты. Тактап айтканда,
борбордун башкы архитектору Урмат Карабаев, жүргүзүлүп жаткан
санариптештирүү, ишкананын электрондук документ жүгүртүүсү жана
документтерди берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн формасы жана аларды
аткаруу мөөнөтүн кыскартуу боюнча сунуштарды даярдоо тууралуу айтып
берди.
Ошондой эле, коноктор “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнүн иши менен
таанышып, ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу бардык керектүү
маалыматтарды ала алышты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.