Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы
менен муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүн
координациялоо алкагында “Бишкекбашкыархитектура”
муниципалдык ишканасы тарабынан муниципалдык
администрациялар менен биргеликте жыйын залында кеңешме
болуп өттү.
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын
начальнигинин орун басары Азирет Акимов райондук
администрациялардын жана “Жашылчарба” муниципалдык
ишканасынын башчыларынын орун басарларына ишкананын
жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айтып берди.
Талкуунун жүрүшүндө чогулгандар Бишкекти көрктөндүрүү
бөлүгү: жашылдандыруу, жарыктандыруу (көрктөндүрүү
стандарттары) жана борбордун бардык 4 районунда көп ярустуу
унаа токтотмо жайларынын пилоттук долбоору боюнча пикир
алмашышты.
Жолугушуунун соңунда, райондордун башкы архитекторлору
үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландарды бекитүү,
муниципалдык администрациялар кызматтар менен бирге аларды
ишке ашырууну баштоо чечими кабыл алынды. Автордук көзөмөл
жүргүзүү “Бишкекбашкыархитектура” МИ болот.

 Видеону көрүү:  https://www.youtube.com/watch?v=dEMvQaQcRdY

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.