Бишкек мэриясы КР Энергетика министрлиги менен биргеликте «Бишкексельмаш» отканасын модернизациялоо жана пайдаланууга берүү боюнча долбоорду карап жатат.
Откана Бишкек мэриясынын балансында турат жана учурда Энергетика министрлиги, инвесторлор тарабынан техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, ЖЭБ-1 тармактары менен «Бишкексельмаш» от казанынын ортосунда магистралдык жылуулук түтүгүн куруу үчүн техникалык коридор каралууда.
«Бишкексельмаш» отканасын ишке киргизгенден кийин «Бишкексельмаш» тармактарын Бишкек жылуулук магистралдык тармактары менен ЖЭБ-1ден туташтыруу керек болот.
Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда 300 мегаватт жылуулук энергиясын жана 200 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Видеону көрүү: https://youtu.be/1TR3bo-epII

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.