Бишкек шаарынын мэриясына КРнын Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев гербди жана ардактуу кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылган.

Кайрылууда бүгүнкү күндө орнотулган кабинанын эскиргендиги жана гербдин сүрөтү өчүп жаткандыгы белгиленген.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан Ала-Тоо аянтында герб түшүрүлгөн ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыяланган.

Бирок, катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген эмес.

Буга байланыштуу борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасында ыкчам тартипте Ала-Тоо аянтындагы ардактуу кароол үчүн жылытуу шарттары бар кабинанын жаңы дизайны иштелип чыкты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.