Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын
жыйындар залында Балбан-Таймаш конушунун жашоочулары
менен жолугушту. Ошондой эле, жолугушууга жеке турак жай
курулуш бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек уулу Санжар жана
адистер катышышты. Жолугушууда талкууланган негизги маселе –
өткөрүлүп жаткан жер мунапысынын алкагында “кызыл
китептерди” алуу. Маселе “Бишкекбашкыархитектура” МИнин
иши менен гана байланыштуу болбогондуктан, кийинки
жолугушууга башка кызматтардын жетекчилерин да чакырып,
көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешип максималдуу көмөк көрсөтүү
чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.