2020 — жылдын 2 жана 3 — мартында, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жыйындар залында, Бишкек шаарынын вице-мэри У.Азыгалиевдин 2019-жылдын 15-майындагы протоколдук тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн инвентаризация иштерине тиешелүү, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы А. Тулебердиев, аталган ишкананын башчысынын орун басары Б. Усубалиев, Биринчи май районунун администрациясынын башчысы А. Биримкулов, “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин башчысы Б. Берикбаев, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын “Жеке турак-жай алдындагы жер тилкелер” бөлүмүнүн башчысы Д.Бапышов, жана ошондой эле “Бириккен үй куруучулар штабынын” төрагаларынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйындын демилгечиси, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун “Мурас-Ордо” жана “Балбан-Таймаш” жаңы конуштарынын инвентаризациялык схемаларын макулдашууга көрсөттү. Инвентаризациялык иш-чаралардын негизинде, аталган жаңы конуштардын көйгөйлүү маселелери толугу менен каралып, “Жеке турак-жай алдындагы жер тилкелер” бөлүмүнүн адистери тарабынан курулуш схемасында белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө айтылган инвентаризациялык схемалар катышуучулар тарабынан кызуу талкууга алынып, соңунда “Мурас-Ордо” жаңы конушунун инвентаризациялык схемасы бир добуштан макулдашылды. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын “Жеке турак-жай алдындагы жер тилкелер” бөлүмүнүн иш-аракеттерине, “Бириккен үй куруучулар штабынын” төрагалары тарабынан жакшы деген баа берилди.