Бишкек мамлекеттик университети жайгашкан имарат жергиликтүү маанидеги архитектуралык эстелик болуп саналат. Колдонуучулар коргоо күбөлүгүн беш жылда бир жолу жаңылап туруусу зарыл.
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин топонимика жана эстеликтерди каттоо секторунун адистери иштин бул түрүн жүргүзүү үчүн жерине чыгышат жана имарат – эстеликти текшеришет. Бүгүн университеттин проректору Ялкун Даутов имаратты сыртынан жана ичинен көрсөтүп чыкты (кабинеттер, конференц-залдар, ажатканалар, фойе жана жер астындагы жайлар). ЖОЖдун жетекчилиги жана студенттер эстелик – имаратка аяр мамиле жасашат. Коргоо милдеттенмесине эстеликтин абалынын эң мыкты абалда экендиги чагылдырылат.

от editor

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.